Бомба тууралуу жалган билдирүү тараткан окуучулар кармалды

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан жарандар аныкталып, кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында, кармалгандар борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары, 2009-жылы туулган Р.И.Д., 2008-жылы туулган К.А.А., 2008-жылы туулган Э.Э.В., бейбаштык максатында аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндүгү аныкталды.

Окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында тартип бузгандар фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.

Аталган мектеп окуучулары ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышкан. Учурда бул өспүрүмдөрдүн Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү маалыматтар боюнча башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы болгону туралуу такталууда.

Ошол эле учурда улуттук коопсуздук органдарында террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленет.

Буга байланыштуу, УКМК кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн ата-энелерге балдары менен маал-маалы менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштайт.

Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык «Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү» боюнча бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат. Эсептик көрсөткүчтөр менен, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Молдо Нияз тууралуу даректүү көркөм тасманын бет ачары өтөт

Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз тууралуу даректүү көркөм тасманын бет ачары болот. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара 2-декабрда ОшМУнун чоң залында саат 16.00дө башталат. Маалыматка ылайык, тасма тартууга даярдык үстүбүздөгү жылдын январында башталган. Кадрлардын басымдуу бөлүгү Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак […]

Сизге жагышы мүмкүн