

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров курулушчуларга жаңы тапшырма берип, 3 ай мөөнөт тааныды. Ал «күзүндө саммит болот. 11 мамлекеттен коноктор келет. Ошого чейин ушул көчөдөгү курулуп, бирок бүтпөй жаткан курулуштардын көчө жагын бүт бүтүрүшүңөр керек. Ичин кийин деле бүтүрө бересиңер. Сыртын жана газондордун кооздугун тез арада бүтүргүлө»,- деди. Ошентип, мэр Манас проспектисин катуу көзөмөлүнө алды.