Бишкекте эл аралык кинофестивалы өтөт

Автор

Кыргызстанда биринчи жолу «Бишкек эл аралык кинофестивалы»  өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чаранын расмий ачылышы  бүгүн, 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  саат 19:00 башталат.

Иш-чарада эки башка категорияда сынак юуштурулуп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат.

Сынактардын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова кирип, фестивалдын башкы сыйлуу коногу катары Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман актриса Түркан Шорай келет.

Фестиваль президенттин «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Токиодогу  Император сарайына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Токио шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Император сарайына Япониянын Императору жана Императрицасы менен жолугушууга келди. Сарайдын алдында мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Император Нарухито жана Императрица Масако тосуп алышты. Саламдашуудан кийин президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова Япониянын Императору жана Императрицасы менен биргеликте сүйлөшүүлөр залына […]

Сизге жагышы мүмкүн