reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкекте шахмат боюнча «Шериктештик кубогу» өтөт

Son Güncelleme :

17 ноября 2023 - 14:10

reklam
Бишкекте шахмат боюнча «Шериктештик кубогу» өтөт
reklam

Эртең, 18-ноябрда Бишкекте Шахмат боюнча ышкыбоздор арасында “Шериктештик кубогу” турнири өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешти УКМК Кыргыз шахмат союзу тарабынан уюштурулуп, КР укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында өткөрүлөт.

Турнир интеллектуалдык спортту, анын ичинде шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн бейформал аянтчаны түзүү жана мамилелерди жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чара Манас проспектиси, 16 дарегиндеги Novotel мейманканасында саат 9:00дө башталат.

reklam