reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт

Son Güncelleme :

12 мая 2023 - 11:02

reklam
Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт
reklam

Бишкекте  Эл аралык музей күнүнө карата “Музейдеги түн” акциясы өтөт. Акция 18-майда Улуттук тарых музейинде саат 17:00дөн 22:00гө чейин өткөрүлөт. Кирүү акысыз.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда бул акцияга беш миңден ашуун кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлүүдө жана бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара  өткөрүлөт.

Коноктор маданий мекемелердин, коомдук чыгармачыл фонддордун, эл аралык уюмдардын кызыктуу программаларына, таланттуу ѳнѳрпоздор менен чыгармачыл инсандардын жандуу концерттик программалары менен бирге, кызыктуу мастер-класстар, улуттук кийимдердин этно-модалары, индия, кытай, япон элдеринин, ошондой эле актерлордун аткаруусунда сценарийлешкен оюн-зоокторуна, Кыргызстандын кѳп улуттуу маданиятын даңазалаган казак, дунган, кавказ, ж.б. диаспоралардын ыр-күүлѳрүнѳ күбѳ боло алышат.

reklam