Бишкекте “Мекендештер – 2023” форуму башталды

Автор

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин уюштуруусу менен  бүгүн, 14-ноябрда “Мекендештер – 2023” форуму өтүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Форумдун ишине Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, чет жакта жашаган мекендештер, көптөгөн уюм жана диаспоралардын өкүлдөрү катышууда.

Форум — өлкөнүн аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна мекендештердин потенциалын тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун өз-ара аракеттенүүсүн түзүү максатында өткөрүлөт.

Форумда:

 

  • Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоо, инновациялык жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу жана экономиканын жаңы деңгээлине өтүү;

 

  • Жаңы жумуш орундарын түзүү жана мекендеш-инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды уюштуруу сунуштарын жүзөгө ашыруу;

 

  • Чет өлкөдөгү мекендештердин Кыргызстан менен маданий-тарыхый байланыштарын колдоо боюнча сунуштары каралмакчы.
Бөлүшүү:
Next Post

Ажылыкка алгачкы төлөмдөрдү кабыл алуу аяктады

Келерки жылы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 14-ноябрь, саат 09:00гө карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы “РСК Банк” банкынын филиалдарына төктү. Белгилей […]

Сизге жагышы мүмкүн