Бишкекте БАЭнин элчилиги ачылат

Автор

Бишкек шаарында жакын арада Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) элчилигин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган маселе президент Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда айтылган.
Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия экинчи космонавтын учурат

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Түрк экинчи космонавтын учурууну пландап жатат. Бул боюнча Түркия Космостук агенттигинин жетекчиси Юсуф Кырач маалымдады. Кийинки космонавт Тува Жихангир Атасевер. Ал жер планетасынан чыгып, 800 км учкандан кийин атайын 7 изилдөө жүргүзөт. Маалым болгондой, даярдыктагы космонавт 1992-жылы Анкара шаарында туулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн