Бишкектеги Панфилов сейилбагындагы ири жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Бишкектеги Панфилов сейилбагындагы жеке менчикке берилип кеткен 41,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.
Аталган жер тилкеси И. Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана КР Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.
Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран, жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу баасы 41 678 000 сом болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36,8%га өстү

2024-жылдын январында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36,8%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) билдиришти. Маалыматка ылайык, экспорттун номиналдык көлөмү 46,6%га көбөйгөн, бул негизинен чет өлкөгө баалуу металлдарды экспорттоонун эсебинен болгон. Импорт нарктык мааниде 35,1%га өскөн. Ошол эле учурда, импорттук жеткирүүлөрдүн 80%дан ашык өсүшү Кытайдан импорттолуучу товарлардын көлөмү менен камсыздалган. […]

Сизге жагышы мүмкүн