Билим берүү министри Каныбек Иманалиев ОшМПУда болду

Автор

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапары менен болуп, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу  окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Каныбек Иманалиев алгач министрликте жүрүп жаткан соңку иш-аракеттер, жетишкендиктер, алдыдагы иш пландар жана билим берүү тармагындагы маселелерге токтолду. Ошондой эле министр жогорку билим берүү жаатында, өзгөчө педагог адистерди даярдоодо ОшМПУнун орду жогору экенин белгилеп, министрлик тарабынан жакындан колдоого алынарын айтып өттү.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү министрдин студенттерге арналган атайын лекциясы менен коштолду. Лекцияда Каныбек Иманалиев катышуучулар менен элибиздин улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада-салты, этнопедагогикасы, тарыхы жана “Манас” эпосу тууралуу таасирдүү маалыматтар менен бөлүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн сунуштады

Жогоку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетин  оставкаган кетирүү демилгеси менен чыкты. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Телеграмм каналына жарыялады. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы төмөнкүдөй чечим […]

Сизге жагышы мүмкүн