Бизде басма сөз эркиндиги бар

Автор

“Азаттык” радиосу жөнүндө сырттан каржыланган же, американын кызыкчылыгына кызмат кылат деген сөздөр ээрчип эле келатат. Түпкүлүгүндө бул жакшы эмес. Мен журналист катары андай түшүнүктөн алысмын. Бирок, “Азаттык” бир аялдын амири менен башкарылууда деп айтып жүрүшөт.

Негизи, бул радионун мурдагыдай күчү калды беле? Эгемендүүлүктүн 30 жылдык тарыхында кызматтан куулган, бийликтен ыдык көргөн, куугунтукка кабылгандын баарына “Азаттык” баш калка эле. Бүгүн өзү баш калка издеп, үркөрдөй үч-беш кишинин жылуу сөзүнө муктаж болуп турат. Үлкөн державанын маалымат каражаты экендиги анык болсо, Борбор Азия сыяктуу орустун муштумунан жалтак болгон биздей өлкөлөрдө “Азаттык” күн көрө алабы? Ал да эң башкы маселе.

Эми мен силерди капа кылбай айтайын дегеним, “Азаттык” жабылып калса эле кыкеңдин маалымат алуу эркиндиги жер менен жексен болот деген түшүнүктөн алысмын. Кыргызстанда өз каражаты, өз дарамети жана үч-беш үркөрдөй жамааты менен маалымат таратып, жакшынакай иштеп аткан сайттар, гезиттер бар. Бизде басма сөз эркиндиги да бар. Дагы 30 жыл ичинде ошолор “Азаттыктан” да кыйын болушат. Заман оңолоор, Акүй менен Көкүй жактан ММКларга болгон мамиле өзгөрөөр деген илгери үмүт. Мамлекетинин кызыкчылыгына кызмат кылган басма сөздү ар дайым кубаттап, колдоого алабыз. Бизге сырткы күчтөрдүн чөнтөгүн карабаган чыныгы эркин ММК керек.

Албетте, ошону менен бирге “Азаттык” радиосу сыяктуу үлкөн институттун жабылышына карамандай каршыбыз.

Манас Осмон журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Президент  Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.   Мамлекет башчысынын кайрылуусунун текстин келтиребиз:   “Урматтуу мекендештер!   Кымбаттуу кыргызстандыктар!   Өлкөбүз 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечирди.   Кыргыз-тажик чек арасында эки […]

Сизге жагышы мүмкүн