Берлусконинин мурасы 4 миллиард еврого бааланды

Автор

12-июнь күнү эртең менен көз жумган Италиянын мурдагы премьер-министри жана “Италия алга”  партиясынын негиздөөчүсү Сильвио Берлускониден калган мурас 4 миллиард еврого жакын деп бааланууда.
Берлусконинин негизги активдерине ал 1978-жылы негиздеген Fininvest медиа тобунун 61 пайыз үлүшү кирет.  Калган үлүштөр анын балдарына таандык.  2021-жылдагы отчетко ылайык, компаниянын таза кирешеси 4,9 миллиард еврону түзгөн.
Fininvest компаниясын кызы Марина жетектейт.  Топко эң ири италиялык Mondadori басма үйү жана башка бир катар башка компаниялар кирет.
Италиянын экс-премьер-министринин өлкө боюнча ондон ашык виллалары, Римдеги жана Миландагы батирлери жана башка кыймылсыз мүлкү болгон.  Audi A17 үлгүсүндөгү унаасы жана үч кемеси, үч учагы, тик учагы бар экени белгилүү. Ошондой эле Берлускони А сериясында ойногон “Монза” футболдук клубуна ээлик кылган.
Forbes 2023-жылы Берлусконинин байлыгын 7 миллиард доллар деп баалаган.
12-июнда Сильвио Берлускони лейкемия  оорусунан улам 87 жашында Миландагы Сан Раффаэль ооруканасында көз жумган. Ал 9-июнда ооруканага жаткырылып,  көп өтпөй абалы начарлап кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймарга 200 миллион евро сунушталды

Арабиялык  “Аль-Хилал” футболдук клубу “Пари Сен-Жермендин”  бразилиялык футболчусу Неймарды сатып алууга киришти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Сауд Арабиялык клубдун өкүлдөрү футболчунун трансфери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө  Парижге келишкен. Клуб футболчунун трансфери үчүн париждиктерге 45 миллион евро, ал эми футболчунун өзүнө 200 миллион евро сунуштайт. ПСЖ […]

Сизге жагышы мүмкүн