Германия менен Франциянын ортосунда ичтен күйүүчү кыймылдаткычтары бар унааларга тыюу салуу боюнча пикир келишпестиктерден улам жаңжал чыкты. Берлин менен Париждин тиреши бейшемби жана жума күндөрү Брюсселде Евробиримдиктин экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча талкууларды үзгүлтүккө учуратат.
Буга чейин немис бийлиги 2035-жылга чейин ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары бар унааларды чыгарууга тыюу салуу жана минералдык отундун синтетикалык альтернативасынан баш тартуу демилгесин көтөрүшкөн.
Өз кезегинде Франция өзөктүк энергияны «таза» технологиялардын тизмесине киргизүүнү талап кылууда. Муну оппоненттери айыптап жатышат.
Путин Беларуссияга өзөктүк курал жайгаштырыларын айтты
Дүй Мар 27 , 2023
25-мартта Владимир Путин “Россия 24” телеканалына берген маегинде Москва менен Минск Беларустун аймагына тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырууну макулдашканын билдирген. “3-апрелден тарта биз экипаждарды машыктыра баштайбыз. Ал эми 1-июлда Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк куралдарды сактоочу атайын жайдын курулушун аяктап жатабыз”,-деди Путин. Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко өзөктүк куралды ал жерге жайгаштырууну […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/346cac3d-e6668bc56ce7bc58d3731b6ba10cbf64-1024x538.jpeg)