reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат

Son Güncelleme :

13 апреля 2023 - 10:44

reklam
Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат
reklam

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана «АгроВей» компаниясынын жетекчиси Кайыркуль Казылаеваны кабыл алган.

АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат.

Алгач AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына комплекстүү изилдөө жүргүзөт.

Баалоонун жыйынтыгы менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары тандалып, долбоор ишке ашат. Долбоордун алкагында 11 млн доллар Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлгөн.

reklam