Индеецтердин акылман кептери

Автор
  1. Жакшы адам жакшы жышаандарды гана көрөт.
  2. Өзүңдү угуу үчүн унчукпаган күндөр керек.
  3. Өлгөн атты минип баратканыңызды байкасаңыз – түшүңүз!
  4. Унчукпаган адам көп сүйлөгөндөн эки эсе көптү билет.
  5. Мекен – бул өзүңдү жакшы сезген жер.
  6. Айтар сөзүң болсо, даана көрүнүү үчүн ордуңдан тур.
  7.  Душман дайыма эле душман болбойт, дос да дос болбойт.
  8. Дүйнөдөгү бардык нерсенин өзүнүн ыры бар.
  9. Үйүңдөгү балаң конок болот: тойгуз, үйрөт анан коё бер.
  10. Таамай ыргытылган балтадан жакшы айтылган сөз артык.
  11. Өлгөн балыктар да агым менен кете алышат.
  12. Көздүн жашы болбосо, жандын асан-үсөнү болбойт.
  13. Өлүм жок. Дүйнөлөр ортосунда бир гана алмашуу бар.
  14.  Балдар тамактанып жатканда алар менен сүйлөшүңүз, айтканыңыз сиз кеткенде да кала берет.
  15.  Бака өзү жашаган көлмөсүнөн ичпейт.
  16.  Адам жебелерин өзү жасашы керек.
  17.  Жер бетиндеги бардык нерсенин өз максаты бар, ар бир оорунун дарысы, ар бир адамдын максаты бар.
Бөлүшүү:
Next Post

Сары майдын айтып бүткүс пайдалары

Жыл өткөн сайын сары май жегендер азайып баратат. Же, аны семиртүүчү тамак-аш катары карагандар бар. Чынында, андай эмес. Сары майдын организм үчүн айтып бүткүс пайдалары толтура. Алардын эң негизгилери катары төмөндөгүлөрдү айтсак болот.   1.Сары майдын составында бутират кислотасы бар. Бул ичеги карындын сезгенүүсүн алдын алып, сиңдирүү системасын жолго коет. […]

Сизге жагышы мүмкүн