reklam
reklam
hava 19° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 745.379 % -0.154
Соңку кабар
reklam
Google News

Баткенде жумушчулар 2 күн мөөнөт тааныды

Son Güncelleme :

11 мая 2023 - 11:02

reklam
Баткенде жумушчулар 2 күн мөөнөт тааныды
reklam

Баткен облусунун администрациясынын алдына айлык акыларын ала албаган жумушчулар митингге чыгышты. Алар куралдуу кагылышууда кыйраган Достук айылындагы үйлөрдү калыбына келтирип иштеп жатышкан. Белгилүү болгондой, Өзбекстандык ишкер 7 млн сом акчаны алып качып кеткен. Жумушчулар тийиштүү кызмат адамдарынан окуя боюнча түшүндүрмө сурашты. Губернатордун орун басары Маруфхан Тулаев 2 күн мөөнөт сурап, Өзбекстан менен байланышып, таап келүүгө убада кылды.

2022-жылдагы “Кыргыз-Тажик” жаңжалында Кыргызстан 8 млрд сомдон ашык зыян тарткан. Баткен облусу боюнча 426 үй жарактан чыгып, Достук, Капчыгай айылдары Тажик жарандары тарабынан өрттөлүп, тонолгон.

reklam