“Барселона” тарыхындагы эң мыкты футболчулар аталды

Автор

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси  “Барселона” футболдук клубунун тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу  FourFourTwo порталы өз сайтында тизмени жарыялап, аны тизменин сап башына чыгарды.

Алдыңкы үчтүктө учурдагы башкы машыктыруучусу Хави жана Андрес Иньеста коштоп турат.

Эң көрүнүктүү Барселона футболчуларынын катарына активдүү оюнчулар да, карьерасын аяктагандар да, жада калса каза болгондор да кирет.

Тизме төмөнкүдөй:

  1. Лионель Месси;
  2. Хави;
  3. Андрес Иньеста;
  4. Йохан Кройфф;
  5. Роналдиньо;
  6. Диего Марадона;
  7. Самуэль Это О. ;
  8. Роналд Куман,
  9. Сезар Родригес,
  10. Микаэль Лаудруп

Эске салсак, Месси өспүрүм кезинде Аргентинадан Испанияга көчүп кеткенден кийин бүтүндөй жаштыгын жана карьерасынын көбүн “Барселона” клубунда өткөргөн. Ал клуб үчүн 778 матч өткөрүп, 672 гол киргизип, 228 пас берип, он улуттук наамга ээ болгон, жети Алтын топту жана төрт Чемпиондор Лигасын жеңген.

 

Бөлүшүү:
Next Post

1-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,   Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,   […]

Сизге жагышы мүмкүн