reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.279.243 % -0.522
Соңку кабар
reklam
Google News

Банкты тоноо аракетинин чоо-жайы айтылды

Son Güncelleme :

19 июня 2023 - 8:57

reklam
Банкты тоноо аракетинин чоо-жайы айтылды
reklam

Kaspi.kz компаниясынын маалыматына караганда 18-июнда Астанадагы Kaspi.kz филиалына куралчан адам кол салып, кызматкерлерди коркутуп-үркүткөн. «Коргоочулар көрсөтмө боюнча дароо дүрбөлөң кнопкасын иштетип, полиция окуя болгон жерге тез арада жеткен. Барымтадагыларды бошотуу операциясы 2 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Кол салган адам зыянсыздандырылды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, адам наркологиялык диспансерде каттоодо турат»,-деп айтылат билдирүүдө.
«Кызматкерлерибиздин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн атынан укук коргоо органдарына ыкчамдыгы жана кесипкөйлүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз»,-деп кошумчаланды.
Астанада куралчан адам Kaspi банкынын имаратында адамдарды барымтага алган.  Банк жайгашкан үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, полиция алгач баскынчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң имаратка чабуул жасаган.  Баскынчы кармалды.

reklam