Балдарды ууландырууга шектелген 100дөй адам камалды

Автор

Иран өлкө боюнча балдардын массалык ууланышына шектелген 100дөн ашуун адамды камакка алды. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү кыздар.

Генерал Саид Монтазеролмехди ирандык маалымат каражаттарына берген комментарийинде 110 киши камакка алынганын жарыялады. Алар өлкөдөгү массалык ууланууну уюштурууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Ирандын 25 аймагында беш миңден ашуун бала массалык ууланууга кабылган. Тегерандан 125 чакырым түштүк-батышта жайгашкан Кум провинциясында биринчи жолу массалык уулануу фактылары катталган. Ал жерде жергиликтүү Нур Язданшахр консерваториясынын 18 студенти газга ууланып, ооруканага жаткырылды.

Марттан бери мындай кол салуулардын саны кескин өстү. Сырдуу окуянын так себеби тактала элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 17-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 47 тыйындан  болсо, сатуу  88 сом 25 тыйынга чейин  болууда.   Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн