Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси талкууланды

Wp Pw

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында балдардын жайкы эс алуусун коопсуз өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

 

Жыйындын жыйынтыгында республикалык штабдын чечими менен жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга балдардын бош убактысын жана коопсуз эс алуусун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

 

Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын, камкордукка алынган балдарга, ата-энесинен ажыраган балдарга, оорулуу балдарга, кайрылмандардын балдарына, ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймактарында жабыркаган балдардын эс алуусун уюштуруу чечими кабыл алынды.

Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу. Бүгүн, 30-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6 сом  болсо, сатуу  88.1 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 44 тыйын  деп көрсөтүлгөн