Атлантика океанында жоголгон “Титан” батискафындагы (суунун түбүндө жүрүүчү түзүм) аба 40 саатка жеткидей калды. АКШнын Жээк коопсуздук кызматынын өкүлү Джейми Фредериктин айтымында, азырынча издөө иштери эч кандай жыйынтык бере элек.
Бир күн мурда “OceanGate Expeditions” экипажы Титаник чөккөн жерге туристтерди жеткирүүгө келген батискаф жок болгонун тастыктаган. Ичинде беш адам бар. Алар менен байланыш жекшемби күнү сууга түшкөндөн кийин болжол менен 1 саат 45 мүнөттөн кийин үзүлгөн.
Депутат айыл чарба министрлигин соодагер деп айыптады
Шар Июн 21 , 2023
“Айыл чарба министрлиги класстыр эмне экенин түшүнбөйт. Канча класстр жасадыңар деп сурап жатам, билбей жатасыңар. Мына, булар арзан, узак мөөнөттөгү акчаны алып, жөн эле бизнес жасап жатышат”,- деп айтты депутат Султан Айжигитов. Ал парламенттеги комитет жыйынында айыл чарба министрлигин алдамчы соодагер таризинде сыпаттар, эч нерседен кабары жок деп баалады. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/IMG-20230621-WA0001.jpg)