Атактуу «Буратинону» аткарган баланын тагдыры эмне болду?

Автор

“Буратинонун жоруктары” көптөн бери балдар үчүн сүйүктүү тасмалардын бири бойдон калууда жана бүгүнкү күндө да ырахат менен көрүшүүдө. Ал баланы бүткүл Советтер Союзу билген. Эми  Дмитрий Иосифов  чоңоюп, азыр өз тасмасын тартып келатат. Ал  35 жылдан ашыгы менен бакубат, бактылуу өмүр сүрүүдө.

Тасмага кандайча тартылып калган?

Дима Минс шаарындагы көркөм муз тебүү мектебинде  окуп жүргөндө жүздөгөн балдардын арасынан  жылмаюусу, тегерек жүзү, татынакайлыгы менен тандалып калган. Ошентип он жашындагы бала үйгө айлык алып келе баштаган. Башында чоң энеси менен киностудияга келген. Бир жолу Дима  ызы-чууну жактырбай  курсагы ооруп жатканын айтып, үйүнө качып кеткен. Кийин  кинорежиссерлор аны кайра издеп табышып, кайрадан тартуу аянтына алып келишкен.

Адегенде Дима шайыр Арлекинди ойношу керек болчу. Бирок  кийин режиссер ага башкы ролду берүүнү чечкен. Тасма бир жылга созулуп, ай сайын  Буратино кыйла ири маяна алган – 80 рубль.

Түбөлүк досторун тапты?

Журналисттер бойго жеткен Дмитрийден капысынан мектеп окуучусунун башына түшкөн атак-даңк ага жардам бердиби же тоскоол болдубу деп сурашкан. Ошондо Дима “Албетте, жардам берди”, – деп жооп берген.

“Ошондон кийин алар мага сөөмөйүн менен көргөзүп, мени “Буратино” деп атап алышты. Бул атка акыры көнүп калдым бирок  менин өнөктөштөрүм Этуш, Гринько, Катин-Ярцев, Санаева, Ролан Быковдор сыяктуу түбөлүк досторду таптым”, -деп кошумчалаган.

ВГИКке кирди

Андан кийин Дима дагы бир нече балдар тасмаларында ойногон – мисалы, “Кырмызы тапичке”.  Дима кийин  кино жөнүндө унутууну чечкен: алдыда чоң жашоо күтүп турат, ага олуттуу кесипти тандоо керек болчу. Политехникалык институтка кирмекчи болгон. Бирок ” таланттынын сыйкырдуу таякчасы” Диманы эчак эле ээлеп  алгандыктан коё бергиси келген эмес.

Ал ийгиликке жетти:  Дмитрий ВГИКте, анын сүйүктүү актеру Алексей Баталовдун курсуна кабыл алынды.

Абитуриент  кезинде ашыгына жолукту

Институтта үч жыл окугандан кийин Наташа менен таанышып, анын  сулуулугу  жүрөгүн козгоду. Ал кызды сейил бакка чакырды, алар көпкө жүрүштү, сүйлөшүштү. Арадан  алты ай өткөндөн кийин үйлөнүшүп, Минск шаарында отурукташкан. Наташа Андрей аттуу уулду төрөп, андан кийин текстиль институтуна тапшырып, кийим дизайнери болуп иштеген.

“Акыркы баатыр”

90-жылдары Иосифовго кайра даярдоо керек болчу: ага жарнамалык роликтерди түзүү сунуш кылынган. Бул иш үчүн алар, мисалы, театр актерунун айлыгынан да көп өлчөмдөгү гонорар төлөшкөн.  Ал макул болду.

Көп өтпөй анын видеолору Москвага жеткен. Аларды ошол жерде баалап, жаш директор үй-бүлөсүн борборго көчүрүп келген: бул жерде дагы мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Ал бир нече убакыт жарнама менен алектенип, андан кийин реалити-шоу тартууну сунушташкан.

Баары “Акыркы баатыр” тасмасынан башталды. Дмитрий  бул тасма боюнча  «Менин досум Панамада Сергей Бодров алып баруучу биринчи сезонду редакциялоону сунуштады. Ал эми сезонду бир жумада бүтүрүшүбүз керек болчу. Биз Смоленкадагы квартирага келдик, ал жерде диспетчердик пункт бар, ошол жерде полдо бир жарым миң кассета бар эле. Мен адегенде шокто болдум бирок алты суткада уктабастан баарын бүткөрдүк”, – деп айткан

Режиссер “Диверсант” жана “Кэтрин” тасмаларынын режиссеру

Дмитрий көпкө реалити-шоу жасаган жок: ал көп өтпөй көркөм тасмаларды тартууга киришкен. Анын эң ийгиликтүү жана эсте каларлык долбоорлорунун арасында «Крым», «Екатерина», «Тур» жана «Кэтрин. Алдамчылар ” бар болчу.

Алар Наталья менен 35 жылдан ашык убакыттан бери бактылуу. Алар бейкапар студенттердин күндөрүндөгүдөй бири-бирин сүйүшөт. Алардын улуу уулу Андрей, ВГИКти бүтүргөн, азыр ал оператор, көбүнчө атасы менен иштешет.

Антон компьютердик технологиянын акылмандыгын өздөштүргөн. Кичүүсү Артём мектепте окуйт.

Азыр алар бала менен бактылуу! Небере күтүп жатышат.

Орусчадан оодарган М.Исатов

Бөлүшүү:
Next Post

Путин жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин жарандыктан ажыратуу жагдайларына байланыштуу жаңыланган мыйзамга кол койду. “Жарандык жөнүндө” мыйзам Укуктук маалымат порталында жарыяланды. Россиянын жарандыгынан ажыратууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат: терроризм; мамлекетке каршы оор кылмыштар; баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жүгүртүү; документтерди бурмалоо; жарандын ыктыярдуу каалоосу; Россиянын аймактык бүтүндүгүнө каршы чакырыктары; Россиянын Куралдуу Күчтөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн