Аракты алгач кимдер ойлоп тапканын билесизби?

Автор

Алкоголь сөзү араптын “аль кухл” сөзүнөн келип чыккан. Кыргызчага которгондо мас кылуучу, баш айлантуучу ичимдик дегенди билдирет. Аны алгачкы ирет ойлоп тапкан адам Абу Муса Ибн Хайян. Ал алхимик, дарыгер, фармацевт, математик  жана астроном. Тарых китептери аны Тус шаарында йемендик үй – бүлөдө туулганын кабар берет. Ал орто кылым Европасында Гебер аты менен белгилүү болгон. Ибн Хайян алкоголду медицина тармагы боюнча ойлоп тапканы менен адамзат аны ичимдик катары колдонуп келет. Учурда дүйнө жүзү боюнча алкоголдук ичимдик колдонгон өлкөлөрдүн сап башында Орусия, Индия жана Кытай мамлекеттери турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Канат Бегалиев жаңы кызматка дайындалды

Канат Бегалиев “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин” директору болуп дайындалды. Бул тууралуу дене тарбия  жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жонундо» жобого ылайык Бегалиев Канатбек Кубанычбекович Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн