Араванга заманбап шаарча курулат

Автор

Ош облусунун Араван районуна заманбап шаарча курулат. Губернатор Зиядин Жамалдинов капсула салып, куруучуларга ийгилик каалады. Жалпы аянты 5 гектар жерге пайда болушу күтүлгөн шаарчада 9 кабаттуу 8 үй курулат. Жыйынтыгында, 1200 жаран батирлүү болуп, шаарча таза суу, жылытуу системасы жана жаратылыш газы менен камсыз болот. Ошондой эле, балдар бакчасы, мектеп, ФАБ сыяктуу социалдык объектилер кошо курулат. Учурда кезекке тургандардын саны болжолдонгондон көп экени маалымдалды.

Бөлүшүү:
Next Post

24 жаштагы Режеп Тайып Эрдоган парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды

Түркиянын президентинин толук аты-жөнү окшош 24 жаштагы Режеп Тайып Эрдоган 14-майда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. 24 жаштагы талапкер парламенттик шайлоого Невшехир провинциясынан катталган. Жигиттин айтымында, анын аты-жөнү президент менен бир болгонунан улам жердештери тилектеш болгон. “Атам менин ысымымды Режеп Тайып койгон, анткени ал биздин президентти абдан […]

Сизге жагышы мүмкүн