

Мажнун намаз окуп жаткан адамдын алдынан байкабай өттү.
Адам анын бул аракетине аябай жинденүү менен “көрбөдүңбү, мен намаз окуп жатам”,-деди.
Мажнун адамга кайрылып, «мен Лейланы ойлоп баратып, сени көрбөдүм да, сен Кудайды ойлонуп жатып, мени кантип көрдүң»,- деп жооп берди сыпайы гана.