Аптанасаат: Орозонун пайдасы жөнүндө хадистер

Автор

Орозонун пайдасы жөнүндө хадистерде эмне деген?
Хадис: «Орозо — адамды тозок отунан сактай турган күчтүү чеп жана коргон» (Ахмад 2/402)
Хадис: «Ким Аллах үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах ал адамдын жүзүн тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатып коёт». ( Муслим 2/808)
Хадис: «Кимде-ким Рамазан айында орозонун сыйлыктарына ишенүү жана үмүт менен орозо тутса, өткөн (эски) күнөөлөрү кечирилет» (Аль-Бухари Фатх:37).
Хадис: «Акыйкатта, бейиште “Ар-Раййан” деген эшик бар. Акыретте бул эшиктен орозо кармагандар гана кире алышат. Алардан башкаларга бул эшиктер жабык болот. «Орозолуулар кайда?» — делинет. Анан орозолуулар киришет, эшиктер жабылат, алардан башка эч ким кире албайт». (Аль-Бухари Фатх:1797).

Бөлүшүү:
Next Post

Ашкабактын уруктары витаминдерге абдан бай

Ашкабактын уруктары ден соолук үчүн эң пайдалуу азык болуп саналат. Ал витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга бай. Уруктун курамында күчтүү антиоксидант жана клеткаларды бузулуудан коргоого жардам берген Е витамини көп. Алардын курамында В тобундагы витаминдер, темир, магний, цинк жана башка пайдалуу минералдар бар. Ашкабак уруктарынын башка пайдалуу касиеттеринин арасында жүрөк-кан тамыр […]

Сизге жагышы мүмкүн