Аптанасаат: Күнөөлөрдүн эң чоңу

Автор

Муса пайгамбардын жанына бир аял келип,”мен чоң күнөө иштеген аялмын. Эмне кылсам болот”,- деди.

– Ал кандай күнөө-,деп сурады Муса.

Аял жооп берди.

– Мен башым бош туруп, зына кылдым. Төрөгөн баламы да мойнунан бууп өлтүрдүм.

Муса пайгамбар аялды жанынан кууп, “кеткин, ээй аял. Бул жерде турба! Балким сенин күнөөңдөн улам асмандан Алланын азабы келип, биз турган жер да бырчаланып кетпесин”-, деди.

 

Аял ыйлап баратканда Жабраил периште пайда болуп, Муса пайгамбарга кайрылды:

 

– Ээй, Муса эмне үчүн тооба кылгысы келген аялды жаныңыздан куудуңуз?

 

Муса жооп берди:

 

– Эй, Жабраил күйөөсү жок тууп, баласын өлтүргөндөн башка күнөөкөр болобу?

 

Жабраил айтты:

 

“Болот эй, Муса. Билип туруп, намазын окубаган адам мындан да, күнөөкөр болот”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө Израилдин баскынчылыгын айыптады

Баскынчы Израил бийлигинин мусулмандарга болгон кордугу Рамазан айында күч алды. Израил куралдуу күчтөрү “Акса” мечитине кол салып, намаздагы мусулмандарды желим жана көздөн жаш агызуучу октор менен аткылады. Израилдеги улуттук “Песах” уюмунун Хамрусуз майрамына байланыштуу палестиналык жаштар аталган уюмдун баскынчы саясатына нааразылык көрсөтүп, жыйынтыгында, эки тараптын кагылышуусу орун алган. Митинг учурунда […]

Сизге жагышы мүмкүн