Аптанасаат: “Кулк-мүнөзү жакшы болбосо, инсан шыгыраган нөл”

Автор

Математика илиминин атасы делген Харезмден сурашыптыр.

– Инсан эмне?

Харезм жооп бериптир:

– “Инсандын кулк-мүнөзү жакшы болсо 1,  сулуу болсо, жогорудагы бирге нөлдү кош – 10, бай болсо, дагы бир нөлдү кош – 100, түбү жакшы болсо, дагы бир нөлдү кош – 1000 болот. Бирок, эң баштагы кулк-мүнөзү үчүн берилген 1 кетсе, инсандын баасы калбайт. Жалаң гана шыгыраган нөлдөр калат, алар болсо, эч нерсеге жарабайт”,- дептир.

Бөлүшүү:
Next Post

 Бүгүн “Акшумкарлар” Ооганстан курамасы менен беттешет

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо  Кыргызстандын курамасы Ооганстандын курамасы менен беттешет.  Оюн “CAFA NATIONS CUP-2023” мелдеши  алкагында саат 20:00 башталат. Маалыматка ылайык, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана […]

Сизге жагышы мүмкүн