Ал ким болбосун, мыйзам алдында жооп берет

Автор

УКМК төрагасы издөөгө алынган Азим Рой боюнча пикирин билдирди. “Азим Ройду президент дагы мен дагы кабыл алганбыз. Ал мурдагы криминалдык ишмердүүлүгүн токтотуп, ишкердүүлүк менен алектенгенин, завод-фабрика салып, элди жумуш менен камсыз кылаарын айткан. Президент макулдугун берип, иштегиле, туура жүргүлө, мыйзам бузбагыла деген. Бирок, ал 2 жылда Кыргызстанга бир камок да салган жок”,- деди Камчыбек Ташиев. Азим Рой мурдагы ишин баштап, кайрадан криминалдык аракеттери аркылуу элди тоноп баштаганын, мындан улам издөөгө алынганын жана ал ким болбосун, мыйзам алдында жооп берээрин эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Борбор Азия жана Кытай жаштарынын форуму өтүүдө

Түркмөнстанда Мары шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын “Улуу Жибек жолунун жаңы доору” жаштар форуму өтүүдө. Үч күнгө созулган иш-чарага Кытайдан жана Борбор Азия өлкөлөрү – Казакстандан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан экономиканын бардык тармагы боюнча жаш адистер, студенттер, волонтерлор, активисттер, билим берүү, илим, маданият, искусство, парламенттик системанын өкүлдөрү катышууда. […]

Сизге жагышы мүмкүн