reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

“Алтын топ -2023”: Сыйлык тапшыруу  датасы белгилүү болду

Son Güncelleme :

10 июня 2023 - 9:26

reklam
“Алтын топ -2023”: Сыйлык тапшыруу  датасы белгилүү болду
reklam

Дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ»  сыйлыгын тапшыруу аземинин датасы белгилүү болду. Бул тууралуу  “France Football” журналынын Twitter баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2022/23-сезондун мыкты футболчусуна «Алтын топту» тапшыруу аземи 30-октябрда Париждеги Шателет театрында өтөт.

Мыкты футболчу наамына 30 талапкердин тизмеси 6-сентябрда жарыяланат.

2022-жылы франциялык чабуулчу Карим Бензема карьерасында биринчи жолу «Алтын топту» жеңип алган. Сыйлыктардын саны боюнча рекорд (жети) аргентиналык Лионель Мессиге таандык.

Эске салсак, «Алтын топту» France Football 1956-жылы Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна (спорттук журналисттер тобунун пикирине таянып) сыйлык катары негиздеген.2010-жылы ФИФА менен France Football «Алтын топтун» бириккенин жарыялаган. Алтын топ жана ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыктары (улуттук команданын капитандары жана машыктыруучуларынын добушунун негизинде аныкталат.) 2016-жылдын сентябрь айында France Football ФИФА менен өнөктөштүгүн аяктаганын жарыялап, алгачкы жылдын мыкты оюнчусу системасына кайтып келген.

reklam