Александр Лукашенко, Белоруссия президенти: “Кыргызстандан колуңарды тарткылачы”

Автор

“Жакында Кыргызстанда бир иш болду. Балдар азаматтар, айланасына тарап кетелекте жөндөп кетишти. Түйүлдүк кезинде эле жок кылышты демек, өткөн тарыхтан жыйынтык чыгарышкан. Көрүп жатасыңар, чайпалтууга аракет кылышууда. Кыргызстандан колуңарды тарткылачы, өлкө өнүксүн, алар кимге тоскоол болуп жатышат. Атайын уюштуруп, башаламандык уюштургандар бар”,- деп билдирди Белорус президенти Александр Лукашенко ЕАЭС ке мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук Кеңешинин төрагалары менен болгон жолугушуусунда.  “Бул Казакстанга жетүү үчүн Кыргызстанды, Кытайга жетүү үчүн Орусияны басып өткөндөй эле нерсе”,- деди.

Өткөн жумада Кыргызстанда төңкөрүш жасаганга аракет кылды делип, төрт активист кармалган. Окуя дүйнөлүк басылмаларда жарыяланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Сот БШК берген мандатты жокко чыгарды

Кечээ, Бишкек шаардык административдик соту  № 4- Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Өмүрбек Бакировго БШК тарабынан берилген мандат туура эмес берилген деген бүтүм чыгарды. Эми депутат 30 күн ичинде Жогорку Сотко кайрылып, адилеттүүлүк издейт. Мындай маалыматты “Апта” маалымат агенттигине коомдук активист Кеңеш Жумабаев билдирди. Депутат Өмүрбек Бакиров шайлоо учурунда […]

Сизге жагышы мүмкүн