Италияда алма уксусу салаттарга кошулат, Кореяда – фо-бо шорпосу, Японияда суши күрүчү ансыз жасай албайт. Алма эмульсиясынын пайдасы тууралуу кептер көп, ал тамак жасоодо гана эмес, сулуулук каражаты катары да колдонулат. Бирок бул продукт коопсузбу? Жалпы практикалык дарыгерлер алма сиркесин өтө кылдаттык менен кабыл алуу керек деп эсептешет.
Адистердин айтымында, алма сиркесин ашыкча колдонуу тиштин эмалынын бузулушуна алып келет. Жүрөк айлануу, зарна жана диарея да болушу мүмкүн.
Ошондой эле кээ бир дары менен шайкеш келбейт: инсулин, диуретиктер жана ич алдырма болушат.
“Алма сиркесин кошумча катары кабыл алуудан мурун дарыгериңиз менен кеңешүү маанилүү”, – деп баса белгилешет эксперттер.
Париж-2024: Акжол Олимпиадада алгачкы алтын медалды алаарына ишенет
Бей Ноя 30 , 2023
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасында кыргызстандык спортчулар эгемендик тарыхындагы алгачкы алтын медалдарды багындыраарына ишенет. Бул тууралуу балбан Бишкекте өткөн жаштар форумунда билдирди. Акжол Мухмудов “Олимпиадага 9 ай калды. Биз элибизге тарыхта биринчи жолу алтын медалдарды утуп алуу үчүн талыкпай даярданып жатабыз. Алдыдагы Олимпиадада алтынга ээ болоруна […]