reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

Алмазбек Бейшеналиевдин соттук иши башталды

Son Güncelleme :

06 апреля 2023 - 13:06

reklam
Алмазбек Бейшеналиевдин соттук иши башталды
reklam

Пара алууга шектелип кылтакка илинген экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралып баштады.

Белгилүү болгондой, буга чейин анын иши боюнча алдын ала соттук отурум жабык эшик артында өткөн. Эми кийинки соттук отурум 18-апрелге жылды.

Өлкөнүн укук коргоо органдары 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип бир министрдин кармалганын кабарлаган. Көп өтпөй ал Алмазбек Бейшеналиев экендиги белгилүү болгон.

ИИМ аны чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга жайгаштыруу үчүн 110 миң доллар пара талап кылуу фактысына байланыштырган. Бейшеналиевдин үйүн тинтүү учурунда ал пара катары алган 37,5 миң долларды, эртеси күнү 62,5 миң долларды кайтарып бергени маалым болгон.

reklam