“Ак шумкарлардын” башкы машыктыруучусу талаптарын атады

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу, Словакиядан келген адис Стефан Тарковичтин алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, футболчуларга койгон талаптарын атады. Башкы машыкктыруучунун орунтуу ойлорун сунуштайбыз.

– Биз үчүн жергиликтүү менталитет менен таанышып, оюнчуларды талаадагы дараметин  көрүп, келечекте жардам бере турган талдоо жүргүзүү абдан маанилүү. Кыргызстанда футбол боюнча келечеги кең оюнчулар көп. Азия чемпионатында  ийгиликтүү болуп, күйөрмандарыбызды кубанта алабыз деп ишенем.

-Тартип абдан маанилүү. Менин футболго болгон көз карашым тең салмактуулук. Күчтүү жактарды бекемдеп, комбинациялуу оюнду өркүндөтүүгө аракет кылам.

– Эң негизги принцип — күчтүү командалык дух, өз ара ишеним, сый-урмат жана тартип. Мен күчтүү тараптарын, соккулардын сапатын жана башка аспектилерди күчөтүүгө аракет кылам. Жалпысынан алганда жумуш көп, биз кошумчалай турган нерселер арбын.

– Тизмени 8-майда жарыялаганбыз. Машыктыруучунун милдети – эң пайдалуу жана сапаттуу оюнчуларды изилдеп, тартуу.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ COVID-19дан башка пандемияга даярданууга үндөдү

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейисус Женевадагы ДССУнун жылдык ассамблеясында COVIDден олуттуу пандемия коркунучун жокко чыгарууга болбой турганын билдирди. Гебрейисус бүткүл дүйнөнү келечекте бул коркунучка жамааттык жооп берүүгө даяр болууга чакырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн