Акыркы коңгуроо! Жол коопсуздугу кызматкерлери ата-энелерге кайрылды

Автор

Кыргызстандагы мектептерде эртең, 25-майда акыркы коңгуроо кагылат. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, балдарын кароосуз калтырбоого чакырат.

ЖКККББ айдоого укугу жок өспүрүмдөргө автоунаа бербөө керектигин баса белгилейт. Башкы максат жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.

Азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотуп коюу менен 15 миң сом айып салынат. Андан тышкары, атайын унаа кортеждерин жалдап, чоң жолдо автоээнбаштык кылгандарга да 15 миң айып салынарын ЖКККББ эскертет.

 

Акыркы коңгуроо салтанатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү коюу менен күчөтүлон тартипте кызмат алып барат.

 

ЖКККББ акыркы беш жылда 25-май, акыркы коңгуроо күнү катталган жол кырсыктарынын статистикасын сунуштайт:

 

2018-жылдын 25-майында 14 жол кырсыгы;

2019-жылдын 25-майында 5 жол кырсыгы;

2020-жылы 25-майында 26 жол кырсыгы;

2021-жылы 25-майынд 26 жол кырсыгы;

2022-жылы 25-майда 17 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолуп, адам өлүмү менен коштолгон фактылар да катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду "Аль-Наср" клубунан кетеби?

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиянын чемпионатынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу  испаниялык «Mundo Deportivo»  басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык,38 жаштагы португалиялык  футболчу “Аль-Наср” клубу менен келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну ойлонуп жатат. Буга Роналдунун Сауд Арабиядагы жашоосу себеп болгон. Анын европалык жашоо образынан айырмаланган өлкөнүн жашоосу канааттандырбайт.Ошондуктан футболчу Европага кайтып келет. […]

Сизге жагышы мүмкүн