

«Журналист үйүңө бармактан туура эмес иш кылса, атып салганга укугуң бар. Бүгүнкү күндө блогермин дегендер акча талап кылып, коркуткан учурлар бар, алар албетте, тумшукка жейт»,- деди президенттин кудасы делген депутат Акылбек Түмөнбаев. Ал журналист Ыдырыс Исаковду урган Ош пансионатынын мурдагы директорунун таламын талашып, «журналистмин деп эле ар жакты тарта береби? Тиги кишини үй-бүлөсү менен ажыраштырып, керек болсо, инфаркт кыла жаздаптыр»,-деген.
Журналист Ыдырыс Исаковду пансионаттарды сатып жиберген деген киши бетине чаап жиберген. Ал окуя коомчулукта нааразычылыкты туудурду.