Акылбек Жапаров саясий коррупцияны жойдук деп билдирди

Автор

“Өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтаждалды. Анын эң башкы далили Кумтөр. Ал элге кайталылды”,- деп билдирди Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып.

“5 арбитраждык 6 ар түрдүү Эл аралык соттук отурумдарды бүтүрдүк. “МегаКом” компаниясынын бизге койгон 300 млн долларлык доосу бар эле аны жеңип чыктык. “Бител” компаниясынын мурдагы кожоюндары 75 миллионго, Манас Банк 18 миллионго, Таш-Көмүрдөгү завод 60 млн долларга доо коюшкан эле. Керек болсо, буларды коргогон адамдар бар эле. Ошого карабай баарын бүтүрдүк, азыр кыргыз өкмөтүнүн карамагына өттү”,- деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төлөнов Чынберди Төлөновичтин ант берүү аземи болуп өттү.   Белгилей кетсек, ал депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн