АКШ Украинага 300 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы пакетине АТАКМС тактикалык ракеталарын кошууну пландап жатат.
Алар ошондой эле 155 мм артиллериялык ок-дарыларды жана GMLRS башкарылуучу ракеталарын Киевге өткөрүп берүүнү көздөп жатышат.
АКШдан 250 миллион доллар өлчөмүндөгү аскердик жардамдын акыркы траншын Киев 2023-жылдын декабрында алган. Бул максаттарга 2022-жылы Конгресс бекиткен каражаттар жумшалды.
Франция жакынкы айларда Киевге алты өзү жүрүүчү Caesar гаубицасын жана 150 куралсыз учкучсуз учуучу аппаратты берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу маалымат каражаттары Франциянын премьер-министри Габриэль Атталдын билдирүүсүнө таянуу менен жазышты.
Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Шар Мар 13 , 2024
“Сосновка” посттунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кар жаап, аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, Чүй облусунун “Сосновка” посттунда жана Талас облусунун өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Андыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/654c65bb85954.jpg)