АКШ жашыруун документтердин ачыкка чыгаргандарды таба элек

Автор

АКШ бийликтери АКШнын жашыруун документтеринин жакында ачыкка чыгышы үчүн ким жооптуу экенин азырынча аныктай элек.
«Биз ал документтерде эмне бар экенин билбейбиз, бул үчүн ким жооптуу экенин билбейбиз жана муну жасагандардын дагы башка документтери бар-жогун билбейбиз. Биз кырдаалга мүмкүн болушунча кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз”,-деди өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби.
Ошону менен бирге ал кырдаал америкалык администрацияны тынчсыздандырып жатканын белгиледи.
Буга чейин The New York Times гезити жума күнү социалдык тармактарда АКШнын Украинадан Жакынкы Чыгышка жана Кытайга чейинки саясатын чагылдырган жашыруун документтердин жаңы бөлүгү пайда болгонун жазган. Анда Украина, Кытай, Индо-Тынч океан, Жакынкы Чыгыш жана терроризмге каршы күрөш боюнча жашыруун брифинг слайддары камтылган.

 

Бөлүшүү:
Next Post

150 гектар жер суу алдында калды

Каражаттын жоктугунан Аламүдүн районунун Октябрь айылында 150 гектар жерди суу басып калды. Жыйынтыгында, Чу каналынын багыты өзгөрүп, айыл чарба багытындагы жерлер зыянга учураган. Дамбаларды орнотуу үчүн 2012-жылы Жогорку Кеңеш 200 млн сомго чечим чыгарган эле. Учурда жээктерди чыңдоо жана дамбаларды куруу боюнча 2.3 млрд сом керектелип жатат. Мындай иш аракет […]

Сизге жагышы мүмкүн