reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9298 % % 0.05
EURO 31,5080 % % 0.04
GRAM ALTIN 1.953,12 % % 1,51
ÇEYREK A. 3.193,34 % % 1,51
BITCOIN 1.159.711 % 1.568
Соңку кабар
reklam
Google News

Акжол Махмудов Власов менен боло турчу беттеш алдында билдирүү жасады

Son Güncelleme :

27 марта 2023 - 15:05

reklam
Акжол Махмудов Власов менен боло турчу беттеш алдында билдирүү жасады
reklam

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде орусиялык Роман Власов менен күрөшөт.

Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат.

Акжол Махмудов беттеш алдында соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

«Роман Власов экөөбүздүн кармашуубуз тарыхый окуя болорун билем. Андыктан күрөшкө өтө жоопкерчилик менен чыгып, жеңишти илип кетүү үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайм. Карьерамдагы бул маанилүү учурга күбө болуп жатканыңар мени абдан кубандырат», — деп жазган балбан.

reklam