reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Академик Абдыганы Эркебаев 70 жашта

Son Güncelleme :

18 марта 2023 - 14:57

reklam
Академик Абдыганы Эркебаев 70 жашта
reklam

Кечээ Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын «Ак-Суу» орто  мектебинде  Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын академиги, коомдук жана саясий ишмер, окмуштуу, адабиятчы, адабий сынчы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык мааракесине карата  иш — чара болуп өттү.

Айтылуу адабиятчы Абдыганы Эркебаевдин туулган күнү 1-сентябрь бирок, жыл ичинде өтүүчү иш -чараларды кичи мекени баштап берди.

Иш — чарага Абдыганы Эркебаев үй-бүлөсү менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.И.Манапов, тарых илимдеринин кандидаты, Чоң-Алай энциклопедиясынын автору, Ленин чокусун багындырган альпинист, жеке ишкер А.А.Маматкайымов, ОшМУнун жооптуу кызматкерлери, облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Р.Назаров, облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Тойгонбаев, райондогу мекеме жетекчилери катышышты.

Иш — чаранын башталышында А.Эркебаевдин туугандары, айылдаштары, достору куттуктап, аргымак мингизишти.  Андан соң «Ак-Суу» орто мектебинде А.Эркебаев атындагы кыргыз тили жана адабияты каанасы жана А.Эркебаевдин музейинин расмий ачылышы болду.

 

reklam