reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Son Güncelleme :

12 апреля 2023 - 9:14

reklam
Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди
reklam

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди.

Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап алтын үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күрөшүп, жеңишти алдырып жиберди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

reklam