Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Бишкектин  бир нече көчөлөр  жабылат (Тизме)

Автор

Бүгүн , 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман”  беттеши болот. Буга байланыштуу Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет:

Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин;

Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды каттамды алдын ала тандоого жана мындай чараларга түшүнүү менен кароого чакырат.

Беттеш саат 19:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Остин Украинага 100 миллион доллар бөлөөрүн билдирди

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага кошумча 100 миллион долларлык аскерий жардам пакетин бөлөөрүн жарыялады. Анын ичинде танкка каршы куралдар жана абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар бар. Ллойд Остин Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады. Владимир Зеленский Ллойд Остин менен жолугушууда фронттогу кырдаал, […]

Сизге жагышы мүмкүн