

28-майда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Лачин облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда Тоолуу Карабактагы этникалык армяндар үчүн жалгыз жол Азербайжандын мыйзамдарына баш ийүү, Азербайжандын ишенимдүү, кадимки жарандары болуу экенин билдирди. Белгилей кетсек, Лачин облусу Азербайжандын түштүк-батышында, тоолуу аймакта жайгашкан. Батышта Армения менен чектешет.