Адамдын органдарына окшош жемиштер жана алардын пайдалуулугу

Автор

Адамдын органдарына окшош жемиштер жана алардын пайдалуулугу.

Мээ жана жаңгак

Чынында эле, жаңгак омега-3 май кислоталарына бай, алар адамдын мээсинин жакшы иштешине жардам берет.

 Сабиз жана көз

Сабизге бай бета-каротин чоңойгондо сокурдукка алып келген макулярдык дегенерациядан сактанууга жардам берет.

Помидор жана жүрөк

Кесилген помидор денебиздин негизги насосуна – жүрөккө абдан окшош. Анын жылмакай иштеши үчүн помидор жеш керек. Анткени аларда жүрөк жана кан тамыр ооруларын өнүктүрүү тобокелчилигин азайтат.

Авокадо жана аялдын маткасы

Бул жемиш аялдын организминин репродуктивдүү функциялары үчүн эң сонун жардамчы болуп саналат. Анткени анын курамында фолий кислотасы бар, баланын өнүгүшү үчүн зарыл витамин.

Анар жана кан клеткалары

Кан клеткалары – эритроциттер түсү жана формасы боюнча анар данына абдан окшош. Ал эми бул жемиш гемоглобинди жогорулатуу үчүн ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларын, атеросклерозду жана гипертонияны алдын алуу үчүн жесеңиз абдан пайдалуу.

 

Бөлүшүү:
Next Post

29-мартта күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,   Талас облусунда түнкүсүн 2…+7, күндүз +16…+21,   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,   Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,   Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16 градус. […]

Сизге жагышы мүмкүн