

Жогорку Кеңештин экс-депутат Жаныбек Абиров катышып, коомчулукка чуу салган мушташ чыры токтотулуп, козголгон кылмыш иши жабылды. Мындай маалыматты»Апта» маалымат агенттигине өздүк булактары билдиришти. 28-март күнү Жаныбек Абиров жабырлануучу тарап жана анын үй — бүлөсү менен жолугушуп, кечирим сураган. Алар да, ыйык Рамазанда экс-депутатты кечиришкен. Ал эми камактагы эки жаран камактан бошотулду.