Абдывахап Нурбаев бүтүрүүчүлөргө кеңеш берди

Автор

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алдыдагы эң чоң суроо кесип тандоолору үчүн сунуштарын айтты. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына бөлүштү.
Билим жана турмуштун жаңы баскычына аттанган бүтүрүүчүлөр!
Силер жашооңордун эң бир жоопкерчиликтүү учурунда, маанилүү тандоонун алдында турасыңар. Ата-эне, мугалимдер жана психологдор менен кеңешип өзүңөр жактырган кесипти тандоого чакырат элем. Айрыкча төмөнкү сунуштарга деталдуу токтолгула:
– кесипти туура тандоого;
– анын актуалдуулугун изилдөөгө;
– топ университеттерди коркпой тандоого;
– азыртан план түзүүгө ж.б.
Ар бир адамдын өз икигайы болот. Ошол сыңары силерге да кайсы жумуш кубаныч тартууласа, өзүңөрдөгү жөндөмүңөр менен күчтүү жактарыңарды эске алсаңар жаңылбайсыңар.
Тандаган кесибиңердин чебери, мыкты адис болгула. Келечегиңер байсалдуу болсун бүтүрүүчүлөр!
Окуткан мугалимдериңерге алкыш айтып, билим алган уяңарды дайыма эстеп жүргүлө!

Бөлүшүү:
Next Post

“Галатасарай” футбол клубу Түркия чемпиондугун 24-жолу жеңди

Кечээ Түркиянын Суперлигасынын 2023-2024 сезонун аяктады. Окан Буруктун жетекчилигиндеги Стамбул клубу катары менен экинчи жолу чемпиондукту жеңип алды. Бул ийгилиги аркылуу “Галатасарай” футбол клубу Түркия чемпиондугун 24-жолу жеңди . Алар конокто Коньяспорду 3:1 эсебинде жеңип, 102 упай менен чемпион болду. Эске салсак, өз талаасында Стамбулспорду 6-0 эсебинде жеңген Фенербахче 99 […]

Сизге жагышы мүмкүн