Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Өзбекстанда […]
Париж -2024: Кыргыз спортчулары оюндун беш түрү боюнча ат салышат. Тизме
Саналуу күндөрдөн кийин баштала турган Париж Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышат. Алар спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо боюнча катышат. Спортчулардын тизмеси: 1. Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм, грек-рим күрөшү); 2. Амантур Исмаилов (67 килограмм, грек-рим күрөшү); […]
Айнура Аскарова Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды
Айнура Аскарова Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка маданият министри Алтынбек Максүтов кол койду. Жаңы дайындалган директорду китепкананын эмгек жамаатына министр Алтынбек Максутов тааныштырып, китепкананын ишин алдыга жылдырууга ишенимин артып, жооптуу ишине ийгилик, жамаатка ынтымак каалады.
Париж-2024: Кыргызстан командасынын капитаны Акжол Махмудов болду
Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал эми оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт. Күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылышына балбандар катышпайт. Мындан улам ачылыш аземде өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. […]
Кызым келди
1993-жылы керемет инсан Чыныбай Турсунбековдун жөлөк, таягы менен окууга жөнөдүм. Кеч күз эле. Көйнөгү жыртылган жалбырактар талында дирилдейт. Мен болсо, албууттанган дайрада ары бери чайпалган кайыктаймын. 30 жылдан кийин былтыр ушул күнү кызымы “кыргызга алтын колдуу дабаагер бол”,- деп алыскы Маскөөгө аттандырдым. Анда да, Бишкек албууттанып, көк асманда кылычын жаңсап […]
Евро -2024: Испания футбол боюнча Европа чемпиону болду
Испания төртүнчү жолу футбол боюнча Европа чемпиону болду. Испания курама командасы Евро-2024 финалында Англияны 2:1 эсебинде утуп алды. Эки команда биринчи бөлүктө эсеп санын ача алышкан жок. Экинчи бөлүктүн башында испаниялык чабуулчу Иньяки Ульямс эсеп санын ачты. Анын артынан көп өтпөй англиялыктар эсепти теңеди. 87- мүнөттө Микель Оярсабаль гол киргизип, […]