29-марттын аба ырайы

Wp Pw

29-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18. Бишкекте […]

Париж-2024: Орусиялык жаачылар Олимпиадага катышуудан баш тартышты

Wp Pw

Орусиялык жаачылар Францияда өтүүчү Олимпиада оюндарына квалификациялык мелдештерге катышпай турганын Орусиянын жаа атуу федерациясынын жетекчиси Владимир Ешеев билдирди. «Биздин спортчулар олимпиадага тандоого катышпайт. Улуттук командада желексиз жана гимнсиз мелдешке чыгууну каалагандар жок”, – деди Владимир Ешеев Буга чейин Эл аралык Олимпида комитети орусиялыктарга оюндарга бейтарап спортчу катары катышууга уруксат берген. […]

Бирдиктүү салык системасы: Эки айда 2,1 млрд сом чогултулду

Wp Pw

Январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогултту.Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган. Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө. […]

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

Wp Pw

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. […]

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Wp Pw

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз […]

Пара дзюдочулар Эл аралык мелдешке катышат

Wp Pw

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өтөт. Курама команданын тизмеси: Фердауза Убакирова (48 кг); Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов (60 кг); Маматибрагим Суранов (73 кг). Байбол […]