“Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтөт

Автор

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 5-августта өтөт. Анын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Фестивалдын максаты кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымыздын тарыхый баалуулугун, асылдыгын жалпы жаш муундарга жайылтуу менен кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ошондой эле, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

БШК Жаныбек Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо  комиссиясы 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жаныбек Абировду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Маалыматка ылайык, жумушчу топ Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу арызын четке каккан жыйынтык чыгарган. Сунуш бүгүн добушка коюлуп, аны БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, […]

Сизге жагышы мүмкүн