2023-жыл эң ысык болдондугу айтылды

Автор

Бул аптада планетанын абалы боюнча эки негизги отчет жарыяланды. Илимий изилдөөлөргө ылайык, 2023-жыл акыркы 125 миң жыл ичиндеги эң ысык жыл болуп калгандыгы айтылды. Бул тууралуу Climate Central коммерциялык эмес изилдөө тобунун бейшемби күнү жарыялаган эл аралык маалыматтарды талдоосунда айтылат.

Окумуштуулар быйыл аномалдуу ысыкты катташкан. Жарыяланган маалыматка караганда, 2023-жылдын июнь айынан бери жердин тургундары рекорддук жогорку температураны баштан кечиришкен. Бул ири өлчөмдөгү өрткө, суу ташкындарына, бороондорго жана башка табигый кырсыктарга алып келген.

2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын октябрынын аягына чейинки мезгил эң ысык 12 ай болду, орточо температура өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,32 градус Цельсийден жогору болду.

Окумуштуулардын айтымында, планетанын узак мөөнөттүү ысып кетүү тенденциясы негизинен күйүүчү майлардын күйүшүнө байланыштуу. Бул быйыл Жердин көпчүлүк континенттерин каптаган катаклизмдерди жараткан глобалдык жылуулукка алып келген нерсе.

Отчетто бул мезгилде эки гана өлкөдө, Исландия менен Лесотодо орточо температуранын төмөн болгону айтылган. Башка өлкөлөрдүн жашоочулары анормалдуу ысыкты баштан кечиришти, анын эң кыска мөөнөтү он күнгө чейин созулду.

Экинчи отчет өткөн шаршемби күнү Европа Биримдигинин Климаттын өзгөрүшү боюнча Коперник кызматы тарабынан жарыяланган. Анда 2023-жыл рекорддук эң ысык жыл болору “иш жүзүндө анык” деп айтылат.

Өткөн ай рекорддук эң ысык октябрь болду, бул 2019-жылы белгиленген мурунку рекорддон 0,4 градус Цельсийге бир кыйла ашып кетти. Бул айда өнөр жай мезгилине чейинки орточо көрсөткүчтөн 1,7 градуска жылуу болду.

Буга чейин дарыгерлердин дүйнөлүк коомчулугу өлкөлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк жашыл энергетикага өтүүгө чакырган билдирүү тараткан, анткени отун казып алуу жана пайдалануу планетанын бардык калкынын ден соолугун олуттуу начарлатат.

Бөлүшүү:
Next Post

 Түштүк Кореяны төшөк курттары каптады

Түштүк Кореянын бийликтери эки жумадан бери өлкөнү каптаган төшөк курттарынын басып алуусу менен күрөшүүгө абдан аракет кылып жатышат. Сеулда транспорт жана коомдук жайлар массалык түрдө дезинфекцияланууда ABC News кабарлагандай, Түштүк Кореянын жашоочулары төшөк курттарынын чыныгы чабуулуна туш болууда. Бул курт-кумурскалар табылган 30дан ашык учур расмий түрдө тастыкталган. Төшөк курттары биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн